Биз социалдык тармакта

Бишкек шаарындагы эки райондун акимдери алмашты

Бишкек шаарындагы Биринчи Май жана Октябрь райондоруна жаңы акимдер дайындалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 46-беренесине ылайык, Алимбек Биримкулов Биринчи Май районунун башчысы кызматынан бошотулду. Анын ордуна Нусувалиев Максат Орозбекович дайындалды.

Октябрь районунун акими Азамат Дороев дагы ээлеген кызматынан бошотулду. Константин Иванович Куценко райондун акими болуп дайындалды", - деп жазылган билдирүүдө.

Тиешелүү буйруктарга мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан