Биз социалдык тармакта

Эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүү мөөнөтү 2021-жылга жылдырылды

Өлкөдө эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүү мөөнөтү 2021-жылга жылдырылды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин дагы эл жана турак жай фондун каттоонун мөөнөтү өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу эки жолу жылдырылганы маалымдалат.

Каттоо 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин, ал эми алыскы аймактарында 2020-жылдын 20-апрелинен 29-апрелине чейинки мезгилде өтмөк. Бирок COVID-19 илдетинин жайылышына байланыштуу түзүлгөн жагдайдан улам аны жүргүзүүнү белгисиз мөөнөткө жылдыруу тууралуу чечим кабыл алынган.

Кайрадан коронавирус боюнча абал турукташып калган учурда, эл жана турак жай фондун каттоону Улутстатком тарабынан 2020-жылдын июлунда өткөрүлүүсү пландалган. Бирок коронавирус инфекциясынын туу чокусу июлга келип жана эл каттоо мөөнөтүн кайрадан кийинкиге жылдырууга туура келгени белгиленет.

Натыйжада, Улуттук статистикалык комитет тарабынан эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүү мөөнөтүн 2021-жылга жылдыруу тууралуу чечим кабыл алынганы маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
saat1200
2020-11-02 15:20:16
Карыган адамдарды эмес, жаш иши жок, эч жерден айлык албаган адамдарды ишке алгыла. Каяктагы пенсионерлер 7000 сом айлыгы бар десе жармашып алышыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан