Эртең, 3-ноябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +4, күндүз +16;
Талас облусунда түнкүсүн +1, күндүз +16;
Ош облусунда түнкүсүн +4, күндүз +18;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +3, күндүз +19;
Баткен облусунда түнкүсүн +2, күндүз +16;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6, күндүз +9;
Нарын облусунда түнкүсүн +6, күндүз +9.
Бишкек шаарында жаан жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1, күндүз +17 градус болот.