Менин жерим: Алма, өрүк өстүргөн айтылуу Нарындын Шоро айылы тууралуу баян кылабыз

"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Ак-Кудук айыл өкмөтүнө караштуу Шоро айылы тууралуу сөз болот. Айылдын өзгөчөлүктөрү, климаты, элдин чарбачылыгы жөнүндө SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун Тилек Асаналиев баяндап берди.

"Бул айылдын жаралуу тарыхын көп адамдар түшүнө бербейт. "Шоро" деген сөздү угуп, кээ бири иче турган шоро ошол жакта жасалабы десе, кээ бири "Шоро" компаниясынын негиздөөчүсү (ред. Табылды Эгембердиев) силердин айылдан болобу деп сурашат. Бирок бул нерселерге эч кандай тиешеси жок. Илгертеден коюлган аты Шоро", - деди ал.

Айыл Нарын шаарынан чыгышты карай 51 чакырым алыстыкта, Нарын дарыясынын оң жээгинде жайгашкан. Калкынын саны 552.

Айылдагы эл төрт түлүк мал менен алектенет. Айыл тургундары 30 пайыз жумуш менен камсыз болгондугун, ал эми 70 пайызы жумушу жок экендигин, бирок өз тиричилигине тың келип, мал чарбачылыгы, айыл чарбачылыгы жакшы өнүккөнүн каарманыбыз билдирди.

Айылда мектеп, ФАП, китепкана, бала бакча бар.

"Китепкана элдин демилгеси менен салынып, окуучулардын билим алуусуна жардамын тийгизип келет. Мектепте 120 окуучу 11 жылдык билим алышат. Аларга 22 мугалим билим берип келет. Ал эми бала бакчаны айыл тургуну Айтбек Мурсалиев өз демилгеси менен ачып берген. Таза суу жакынкы жылдарда гана чыгып баштады. Жалпы эл өз салымын кошуп, бүт айылды таза суу менен камсыз кылышты. Бул нерселер менен элдин ынтымагы канчалык деңгээлде бекем экендигин көрө алабыз".

Шоро айылында табылган 10 кылым мурда колдонулган куралдар.

"Айылдын мезгил өзгөчөлүгү боюнча айтсак, кыш эрте келип, узак убакытка өкүм сүрөт. Эли да ал климатка көнгөн. Ошентсе дагы убагында жерин айдап, кышка кам көргөнгө убакыт болот. Жергиликтүү калк кышка малга дагы жеткиликтүү тоют камдашат.

Көпчүлүк адамдар бул жакта алма өспөйт деп ойлошот. Бирок башка жактагыдай алма, өрүк, капуста, кызылча, сабиз жана башка мөмө-жемиш, жашылчалар өсөт. Ал эми бийик тоолорунда карагат, чычырканак, арча, дарылык касиети бар өсүмдүктөр да жок эмес", - деди Тилек Асаналиев.

Шоро айылында тиешелүү көп жайлоолор бар. Аларга жайкысын чабандар барып, жайыт катары пайдаланса, ал эми кышында айылга түшүп келишет.

SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай журтка жарыялоону сунуш кылабыз.

Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 779 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз.

Ар бир айыл атак-даңкка татыктуу!

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан