SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким, эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай журтка жарыялоону сунуш кылабыз.
"Менин жерим" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында Ош облусундагы Кара-Суу районунун Шерали айылы жөнүндө сөз болот. Аталган айыл өзүнүн көз жоосун алган жаратылышы, мөмө-жемиштери менен даңкталып келет.
Шерали айылы тууралуу бизге ушул айылда чоңоюп өскөн Эгемназар уулу Кочкорбай айтып берди.
"Айыл - бул сөздүн түпкүрүн түшүнбөгөндөр үчүн башка маанини билдириши мүмкүн. Себеби көпчүлүк айылдан келишсе дагы бул сөздү өз жашоолорунан алыстаткысы келишет. А мен үчүн айылым - бул менин алтын бешигим, демиме дем, күчүмө күч кошуучум. Биздин Шерали айылы Сары-Колот айыл өкмөтүнө карайт. Совет мезгилинде Ош облусундагы эң чоң Отуз-Адыр совхозуна караган. Айылдын түптөлүшүнө чоң салым кошкон инсан бул Абдирайим Кулботоев болгон экен. Ал башка айылдардан элдерди биздин айылга отурукташсын деп араба менен ташыганын аксакалдар айтып калат. "Ата өтсө уулу бар, тону жерде калган жок" демекчи Кулботоевдердин уул, неберелери азыркы тапта да Абдирайим аксакал түптөгөн айылды бардык жактан колдоп, өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп жаткан кези. Айылыбыз жаратылыш коюнунда, ажайып кооз жерде жайгашкан. Айылдын өзгөчөлүгү - ынтымактуулугунда. Кандай гана иш болбосун бардыгы жапа тырмак чогулуп маселени чечкен бизде жакшы салт", - дейт Кочкорбай уулу.
Айылдын тургундары ынтымактуу, кандай гана маселе болбосун кеңешип биргеликте чечишет. Негизинен эл эгин айдап, ар кандай мөмө-жемиштерди өстүрүү менен алектенишет. Көбүнчө айыл тургундары дарбыз өстүрүп аны Кыргыз өлкөсүнүн аймагына жана жакынкы чет өлкөлөргө сатышат. Экологиялык таза жол менен өстүргөндүктөн дарбыздар даамдуу келет. Мындан сырткары өрүктүн, алманын дагы көптөгөн түрлөрү өстүрүлөт.