Бишкекте жол эрежесин бузган той кортеждеринин 5 унаасына протокол толтурулду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-ноябрь күнү болжол менен саат 14:00 чамасында милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймактагы иш учурунда, Фрунзе жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежелерин одоно бузган Mercedes-Benz G-класс үлгүсүндөгү той кортеждеринин 5 унаасын токтотуп, аларга эреже бузгандары боюнча протокол толтурушкан.
Милициянын кайгуул кызматы айдоочулардын жол эрежелерине болгон кайдыгерлик мамилеси, жарандардын жана жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугуна коркунуч жаратып, жол транспорт кырсыктарын алдын алуусун эскертип, айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.