
Бишкек шаарында коронавирус илдети боюнча абал стабилдүү. Анализдер боюнча 15-20-ноябрга чейин коронавирустун эң жогорку көрсөткүчү катталышы мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жыйын учурунда билдирди.
"Коронавирус боюнча ыктыярчыларды экиге бөлүп (бири тамак-аш тарата турган ыктыярчылар, экинчиси медициналык ыктыярчылар) даярдыктарды көрүп коё берели. Ошондой эле күндүзгү стацонарларды, дарыгерлердин жатаканасын, траспортун даярдап коюу керек. Борбор калаада эпидемиологиялык абал стабилдүү, эгер 20-ноябрдан ушундай темп менен өтсөк, баары жакшы болот", - деди Балбак Түлөбаев.