
Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алмаштыруу боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигине келип түшкөн кайрылуулардын кескин көбөйүшүнө байланыштуу элчиликтин консулдук бөлүмүндө жарандардын паспорт маселелери боюнча иш убактысы узартылды. Бул боюнча элчиликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, паспорт маселелери боюнча жарандарды кабыл алуунун көбөйүшү үч эсеге өстү.
Иш убактысы:
Мындан сырткары аймактардан келген жарандардын саны көп экендигин эске алуу менен, консулдук бөлүмдүн 4992385069@mail.ru электрондук почта дарегине жазылуу тизмесине киргизүү үчүн кайрылуу жөнөтсө болот.
Элчилик 2020-жылдын октябрь айында 1342 жаранды паспорт алуу/алмаштыруу үчүн кабыл алгандыгын, ал эми өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2019-жылдын октябрь айында элчилик Кыргыз Республикасынын 320 жаранын кабыл алган.