Биз социалдык тармакта

Бишкекте милициянын кайгуул кызматы адашып жүргөн баланы таап беришти

Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн баланы таап беришти. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-ноябрь күнү болжол менен саат 17:00 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Боталиев көчөсүнөн кичинекей бала жоголду деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери барышып, маалыматты тактоодо 2017-жылы туулган баланы эжеси издеп жүргөндүгү белгилүү болгон.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, аз убакыттын ичинде адашып жүргөн баланы таап Свердлов РИИБинин ыкчам кызматкерлерине жеткирип беришкен. Ал жактан баланын апасы келип, алып кетишкен. Өз кезегинде жаш баланын ата-энеси милициянын кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине ыраазычылыгын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан