Биз социалдык тармакта

Улуттук филармониянын директору Кыргызбай Осмоновду кызматтан кетирүү аракеттери көрүлүп жатканы айтылууда. Жетекчинин жообу

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын директору Кыргызбай Осмоновду кызматтан кетирип, анын ордуна опера ырчысы Жеңишбек Ысмановду алып келүү аракеттери көрүлүп жатканы тууралуу маалыматтар айтылып жатат.

Бул кептин чын төгүнүн бышыктоо үчүн Улуттук филармониянын директору Кыргызбай Осмоновго байланышканыбызда, "бул кептер жөн гана ушак" деп билдирди.

Ал эми Жеңишбек Ысманов менен учурда байланышуу мүмкүн болбой жатат.

Жеңишбек Ысманов операнын борбору аталган Италияда эмгектенип, атактуу "Ла-Скала" сахнасында өнөрүн тартуулап, "кыргыз" атын кыйырга таанытып келе жаткан опера ырчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан