Биз социалдык тармакта

4 миң 340 тонна туз даярдалды. Бишкекте "Тазалык" ишканасы кышка камылга көрүүдө

"Тазалык" муниципалдык ишканасы кышында Бишкектеги жолдорду кар, муздан тазалоо үчүн техникалык туздун запасын толуктап жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкананын кампаларында буга чейин 4 миң 340 тонна туз даярдалган, анын 433 тоннасы өткөн кыш мезгилинен калган. Жалпысынан 6 миң 500 тонна туз сатып алуу пландалууда.

Белгилей кетсек, 26 атайын техника шаардын жолдорунун өтүүчү бөлүгүндөгү карды тазалайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан