Биз социалдык тармакта

Жактоочу: "Алмазбек Атамбаевге бронхит диагнозу коюлуп, абалы начарлап кетти. Ал эртең сотко катыша албайт"

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге бронхит диагнозу коюлду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевге өткөн аптада дарыгерлер тарабынан бронхит диагнозу коюлган. Ошол күндөн тарта анын абалы начарлап кетти.

"Бүгүнкү күндө Алмазбек Атамбаевдин ден соолугунун абалы эртеңки боло турган сот отурумуна катышууга жол бербейт. Өткөн аптадан бери оорусу күчөгөнүнө байланыштуу ден соолугу начарлап кетти", - деп билдирди Замир Жоошев.

Белгилей кетсек, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин сот отуруму эртең саат 10:00до Биринчи Май райондук сотунда болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aerforce
2020-11-03 18:19:13
Катыштырбай камап салгыла сот болордо эле ооруп калат пикетте чуркап журбодубу тили сайрап
+13
Baatirbek81
2020-11-03 21:28:38
Үй мүлкүн конфискация кылып туруп атып ташташ керек буларды сүйрөбөй!
Кийнки иштегендерге чооң сабак болот!
+5
Tymar
2020-11-03 21:39:58
Атамбаев мыкты адам
-9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан