31-октябрдан бери дайынсыз болуп изделип жаткан 9 жаштагы Аяна Эмилбекова аман-эсен табылды. Маалыматты SUPER.KG порталына Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Аяна Эмилбекова бүгүн, 3-ноябрда саат 15:00 чамасында аман-эсен табылды. Ленин РИИБинин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын жана криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери Аяна Эмилбекованын коопсуздугу үчүн туугандары менен түшүндүрүү жана профилактикалык баарлашуу жүргүзүштү", - деп билдиришти башкармалыктан.
Азыркы учурда милиция кызматкерлери иштин бардык жагдайларын териштирип жатышат.
Буга чейин Бишкек шаарында 2011-жылы төрөлгөн Аяна Эмилбекова дайынсыз болуп жаткандыгы кабарланган.