Биз социалдык тармакта

Билим берүү министрлигинин алдында "Билим берүүдөгү долбоордук демилгелер лабораториясы" түзүлдү

Бүгүн, 3-ноябрында Билим берүү жана илим министрлигинин алдында "Билим берүүдөгү долбоордук демилгелер лабораториясы" (БДДЛ) түзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, бул платформа билим берүү тармагын модернизациялоо боюнча долбоордук арыздарды талкуулайт жана даярдайт.

БДДЛ эмнелерди аткарат:

  • ББИМ даярдоо жана чечим чыгаруу процессинде эксперттик коомдун катышуусун камсыз кылат;
  • ББИМ ишмердиги менен байланыштуу коомдук демилгелерди көтөрөт жана талкуулайт;
  • ББИМ эл аралык долбоордук кызматташтык, эл аралык фонд жана уюмдар менен иштөө үчүн долбоордук арыздарды даярдоосуна жана алардан гранттык каражаттарды алуусуна көмөк көрсөтөт.

БДДЛ – коомдук талкуулар үчүн ачык аянтча. Ар бир жаран билим берүү системасын модернизациялоо боюнча, кайсы конкреттүү долбоор боюнча суроо жана сунуштарын lpi.mes.kr@gmail.com электрондук почтасына жөнөтө алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан