Орусияда COVID-19 менен ооруган мигранттар акысыз дарыланат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо департаментине таянып, жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.Жазылган маалыматка ылайык, Орусиянын бир нече аймактарындагы мигранттар COVID-19 менен жабыркашса, алар медициналык кызматты бекер алышат. Бул кызмат медициналык камсыздандыруу полиси боюнча убактылуу жашап турууга уруксаты бар чет өлкөлүктөр, ошондой эле башка өлкөлөрдүн качкындарына жана жарандарына көрсөтүлөт.
Ушул жылдын 3-октябрында Москванын мэри Сергей Собянин үй шартында дарыланып жаткан
COVID-19 менен ооругандардын бардыгына акысыз дары-дармектер бериле тургандыгын жарыялаган.