Пандемия шартында чет элден келген гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча 6 иш козголду. Мындай маалыматты бүгүн, 4-ноябрда Башкы прокурор Курманкул Зулушев жыйында айтты.
"Саламаттыкты сактоо министрлигинин айрым кызматкерлерине карата дары каражаттарын сатуу боюнча кылмыш иши козголду. Ишти Финпол карап жатат. Ал эми мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге карата кылмыш иши козголгон эмес. Эгер тергөө анын катыштыгын аныктаса жоопкерчиликке тартылат", - деди Зулушев.