Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча иштер башталды. Тагыраагы, өкмөт башчы буга чейин экономикалык амнистия жарыялаган. Анын негизинде козголгон кылмыш иштеринин алкагында мамлекеттин казынасына 400 миллион сомго жакын каражат түштү. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйында билдирди.
"Амнистия жыйынтык берип, бүгүнкү күндө мамлекетке акча каражат түшүүдө. Козголгон жана тергелип жаткан иштер боюнча казынага 400 миллион сомго жакын каражат түштү. Ал эми кылмыш иши козголбогон, бирок коррупцияга аралашкан аткаминерлердин эч кимиси каражат төгө элек. Атайын органдар ар бир мыйзамсыз табылган мүлккө иликтөө жүргүзөт", - деди ал.