Биз социалдык тармакта

Индиянын тышкы иштер министринин орун басары президенттик жана парламенттик шайлоолордун ийгиликтүү өтүүсүн каалады

Кыргыз өлкөсүнүн Индиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Асеин Исаев Индиянын тышкы иштер министринин орун басары Викас Сваруп мырза менен болгон жолугушуусунда Кыргыз өлкөсүндөгү президенттик жана парламенттик шайлоолордун ийгиликтүү өтүүсү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 3-ноябрында Кыргыз өлкөсүнүн Индиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Асеин Исаевдин Индиянын тышкы иштер министринин орун басары Викас Сваруп мырза менен жолугушуусу болуп өттү. Анда эки өлкө ортосундагы кызматтык жолугушууда Кыргыз өлкөсүндөгү саясий өзгөрүүлөр, жаңы бийликтин легитимизациясы жана өлкөнүн башчылыгынын тынчтык жолу менен алмашуусу тууралуу сүйлөшүүлөр болду.

Жолугушуунун аягында Индиянын тышкы иштер министринин орун басары өлкөдө президенттик жана парламенттик шайлоолорун ийгиликтүү өтүүсүн каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tymar
2020-11-04 15:38:05
Бул шайлоону Садыр Жапаровко окшогон зектер таза откороопу шек жаратат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан