Биз социалдык тармакта

Көмүр боюнча тендердик комиссиянын мүчөсү 500 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

"Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасынын тендердик комиссиясынын мүчөсү 500 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан отун-энергетикалык тармагында коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу багытындагы иш аракеттердин жүрүшүндө "Кыргыз жылуулук энерго" ишканасынын бөлүмдөрүнүн бирине көмүр сатып алууда 500 миң сом пара талап кылган фактысы боюнча тендердик комиссиясынын мүчөсү У.Р. кармалды.

"Такталган маалымат боюнча У.Р. жогорудагы акча каражатын күзгү-кышкы сезонго даярдык көрүүнүн алкагында ири көлөмдөгү көмүр сатып алууда "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги аркылуу ишкердик субьектиден талап кылган.

Бул факты боюнча материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси (опузалап талап кылуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат билдирүүдө.

Ал эми кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
TIMON_BERKOWITZ
2020-11-04 12:46:54
Кайга барба шапка сурагандар. Тилемчилер.
Ар бир окошка таштап кетпейсинби деп тажатты да. Шоколад берсен нааразы болушат, не хочу деп. Все ваши капризы...калганын озун билесин деген соз таап алышыптыр кашайгандар!
+1
Asman779
2020-11-04 22:33:39
Бул Расул Умбеталиев деген эксперт турбайбы. Интервьюга коп чыгып акыл айтып турчу эмес беле. Муну таза экен деп журсо сырты жалтырак ичи калтырак турбайбы. Буга чейин да далай акчаны жеди да, эки эселетип кустуруу керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан