Биз социалдык тармакта

Жаңы спикер Талант Мамытов Ак Үйдүн дарбазасын алып салуу сунушун колдой турганын айтты

Бүгүн, 4-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы шайланган спикер Талант Мамытов Ак Үйдүн дарбазасын алып салуу сунушун колдой турганын айтты.

"Баарыбызга иштөө шартын түзүү керек. Стенограмма, добуш берүү процедуралары толук кандуу иштеши зарыл. Ыңгайсыздыкты жаратып жатат. Жогорку Кеңештин имаратын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү шарт.

Коргонгон сайын эл туура эмес түшүнөт. Бизди дарбаза сактап калган жок. Садыр Нургожоевич Ак Үйдүн дарбазасын алып салуу керектигин айтты. Мен бул сунушту колдойм. Бардыгы ачык-айкын болуп, элге жакын болуп иштешибиз керек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Malik92
2020-11-04 16:12:02
Туура Москваданын Думасы айдан ачык эле турат.
Кнопкаларды уктап отуруп эле басып коюшат же бир адам баарын басып чыгат.
0
AdylbekB84
2020-11-04 16:42:17
Алсаңар дагы бир байдын үйүн айландырып тоспой, мектеп, бала- бакчаларга бергиле ошолордун короосу тосулсун! Кайран гана акчалар тосуш үчүн канча акча кетти эле эми бузуш үчүн канча акча коройт экен!
0
bond02
2020-11-04 17:19:59
Ырас кыласынар болбосо Ташиев шымын айрып алат экен.
+6
nazira...
2020-11-04 21:28:17
Ошто ушу кунго чейин ачык эле турат го. Даже курулганда Бишкектикинен да сонун курулган, Лениндин эстелиги эле чего стоить. Корунушу да сонун. Эми тосуп кайра бузуп канча расхрд. МЧСти Ташиев канча расход менен Ошко алып келди эле Боронов кайра алып кетти го, ортодо канчалаган расхрд кетти. Анан аз келгенсип Ай сайын Бишкекке семьясына каттаган Командировочный расходдоручу уууу.... контроль кылган эч ким жок,жаш баланын бузуп ойногон оюнундай эле болуп атат го быягы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан