Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевге тиешелүү делген соода жана окуу жайларына тинтүү иштери жүрүүдө. Тагыраагы ушул учурда "Таатан", "Гоин" жана медициналык университетинде тинтүү иштери жүрүп жатат деген видео интернетте тарады.
Бул маалыматты Финполдун басма сөз кызматы SUPER.KG порталына тастыктап, бир аздан соң маалымат бериле турганын айтты.
Маалыматка ылайык, тинтүүнү финполдун кызматкерлери жүргүзүүдө.