Биз социалдык тармакта

Балбак Түлөбаев жер титирөөдөн жабыр тарткан Измир шаарынынын мэрине көңүл айтты

Бишкек шаардык мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жер титирөөдөн жабыр тарткан Түркиянын Измир шаарынын мери Тунч Сойерге жана шаар элине көңүл айтты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бишкек шаарынын мэриясы Измир шаарындагы жер титирөөдөн курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин каалайт", - деп жазылган билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Бишкек шаары менен Измир шаары 1991-жылдан бери боордош шаарлар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан