Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров "Терек-Сай" кениндеги алтын чыгаруучу фабриканын курулушу жана инфраструктуралык объектилер менен таанышты

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарында облустагы "Терек-Сай" кениндеги алтын чыгаруучу фабриканын курулушу жана инфраструктуралык объектилер менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Эти Бакыр Терек-Сай" Кыргыз-Түрк ишканасынын өкүлдөрү президенттин милдетин аткаруучуга чет мамлекеттерден жабдуулардын келиши кечигип жатканына байланыштуу алтын чайкоочу фабриканын курулуш иши токтоп турганын билдирди.

Садыр Жапаров "Терек-Сай" кениндеги ишти жандандыруу керектигин белгилеп, тармактык мамлекеттик органдарга компаниянын иштешин камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.

Ошондой эле ишкана жергиликтүү эл менен ачык диалог жүргүзүүсүнүн зарылдыгын кошумчалады.

"Калдык сактоочу жайды курууга даярдык иштери жүрүп жатыптыр. Бирок аталган жайдын экологияга зыяны тийбегендей болуп, бардык эрежелер сакталышы шарт. Аны тийиштүү мамлекеттик органдар көзөмөлгө алууга тийиш. Бул боюнча жергиликтүү эл менен тыгыз иштешип, ачык диалог жүргүзсөңүздөр", - деди премьер-министр.

Ошондой эле Садыр Жапаров "Эти Бакыр Терек-Сай" Кыргыз-Түрк ишканасы бардык экологиялык жана социалдык талаптарды аткарат деген ишенимин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Asel69
2020-11-04 18:31:42
Садыр Жапаров бардак уюштуруп жатат
-6
bekalife
2020-11-04 18:42:07
Asel69,сен эле кыйратасын.
+7
bekalife
2020-11-04 18:45:14
Asel69, ушу силерге тушунбойм башынар жетпеген нерселерге сын айтып озунорго зыян алып журосунор. (Садырдын каршылаштарынын жалданма тарапташтары)
+6
nur090909
2020-11-04 23:47:42
Asel69,Өзүңөрдүн жазганыңарды өзүңөр деле түшүнбөсөңөр керек. Эптеп эле каралаш керекда. Сөз мааниси эмне экенин деле билбей,ооздон жаман сөз чыкса болду,Садыр Жапаров жөнүндө.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан