Биз социалдык тармакта

Жалал-Абад шаарында өрт кырсыгы өткөн жылга салыштырмалуу 36 пайызга азайган

Жалал-Абад шаарында өрт кырсыгы 36 пайызга азайды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 10 ай ичинде Жалал-Абад шаарынын аймагында 32 өрт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу өрт кырсыгы 36 пайызга азайган.
"Ыкчам аракеттердин натыйжасында өрт өчүрүүчү-куткаруучулар тарабынан 38 миллион 300 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калган. Катталган өрттүн 18и турак үйлөрдө катталып, негизги себептери электр жабдууларын туура эмес колдонуудан келип чыккан", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан