Биз социалдык тармакта

"Бишкек шаары абанын булганычы боюнча дүйнөлүк рейтингде 27-орунда". Борбор калаадагы абанын бузулушу нормадан ашып кетти

Бишкек шаарындагы айрым райондордо абанын булганычы 5-ноябрга карата деңгээлинен ашып кетти. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, абаны булгоочу заттардын деӊгээли 2 эседен 3,7 эсеге чейин жогорулаган.

"МувГрин" экологиялык кыймылынын маалыматына ылайык, Бишкек шаарындагы абанын булгануу деңгээли төмөндөгүдөй көрсөтүлгөн:

Бейшеналиева жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде булгануу деңгээли 1,94 эседен ашты - 107 микрограмм
(орточо суткалык норма - 68 микрограмм).

Москва жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде - 37 микрограмм (орточо суткалык норма - 55 микрограмм).

Чыгыш-5 кичи районунда абанын булгануусу деңгээлинен ашкан эмес (орточо суткалык 19 микрограмм), өлчөө учурунда 6 микрограммды көрсөткөн.

Абанын булганычы боюнча дүйнөдөгү эң ири шаарлардын рейтингинде Бишкек шаары 27-орунда.


"Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун стандарттарына ылайык, PM2.5 көрсөткүчү боюнча орточо жылдык деңгээли 10 микрограммдан, ал эми орточо күндүк - 25 микрограммдан ашык болбошу керек. PM2.5 бөлүкчөлөрү абаны булгоочу заттар, алардын катарына катуу микробөлүкчөлөр дагы, суюктуктардын эң кичинекей тамчылары дагы кирет", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан