Биз социалдык тармакта

Абалына мышык ыйлагыдай. Нарын шаарындагы мал союлуучу жайлардын сүрөттөрү

Нарын шаарында жайгашкан мал союлуучу жайларда эреже бузуу фактылары катталды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Нарын шаарынын С.Орозбак жана Ленин көчөлөрүндө жайгашкан Ж.А. жана М.Ы. аттуу жарандарга таандык мал союлуучу жайларга бир нече жолу эскертүү берилген. Бирок мал союлуучу жайда ыплас сууларды чыпкалоочу жабдык орнотулбагандыктан, канализацияда малдын ичеги карыны, теринин кесиндилери тыгылып, шаар тургундарына ынгайсыздык жараткан.

Жогорудагыдай кайрылуудан улам текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө аталган мал союлуучу жайга айып пул салынып, эскертүү берилген.

Ал эми Ленин көчөсүнөн орун алган М.Ы. аттуу жаранга таандык мал союлуучу жайы ишкердик жүргүзүүнү ырастоочу документтери жок болгондуктан тиешелүү протокол түзүлгөн. Ошондой эле аталган жайга суу жана электр энергиясын берүү токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
BKanietovna
2020-11-05 11:33:40
Мындай жерлер кооп Нарында толук жакшы текшерип коюшса болмок. Кээ бирлери Нарын сууга агызышат
0
stom1
2020-11-05 12:03:26
Кызыл-кыянын мал союлуучу жайы мындан начар.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан