Бүгүн, 5-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат угулууда. Депутат Бактыбек Турусбеков коронавирустун экинчи толкунуна даярдык тууралуу жана илдеттин туу чокусу качан болорун сурады.
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев учурда экинчи толкун жүрүп жатканын айтты. Ал эми илдеттин туу чокусун "күтүп жатабыз" деп жооп берди.