Бүгүн, 5-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат каралууда.
Депутат Эмильбек Токтошев той, аштар кафелерде мурдагыдай эле режим менен өтүп жатканын айтты. "Айып пул мурункудай эле 3 миң сомду же каралып чыгабы", - деп сурады.
Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева: "3 миң сом айып пул аз дегендер болууда. Жарандар талаптарды аткарбай жатат. Чектөө айып пул менен чечилбейт", - деди.