Бүгүн, 5-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анда эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат угулууда.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев коронавирус илдетинен улам 84 дарыгер каза тапканын айтты. "Компенсация төлөө боюнча 41 билдирме келип түшкөн. Алардын 28не 1 миллион сомдон каражат төлөндү", - деди ал.