Бүгүн, 5-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анда депутат Бакирдин Субанбеков коронавирустун туу чокусу кайсы айга туура келерин жана карантин болобу деп сурады.
Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева бул маселе талкууланып жатканын айтты.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев коронавирустун туу чокусу 20-ноябрдан баштап, декабрь, январь айларында болушу мүмкүн экенин билдирди. Анализдер жүрүп жатканын кошумчалады.