Биз социалдык тармакта

Кытай тарап талаптарды койду. "Торугарт" пункту аркылуу жүк ташуулардын агымын жогорулатуу боюнча сүйлөшүүлөр болду

Кыргыз өлкөсү Кытай мамлекетине жүк ташуулардын агымын жогорулатуу өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Бажы кызматынын борбордук аппаратында бизнес коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, жүк ташуулар боюнча маселе каралды. Анда Кыргыз тарап Кытай мамлекетине "Торугарт" көзөмөл өткөрмө пунктунун иш убакытын саат 9:00дөн 18:00гө чейин үзгүлтүксүз иштөөсүн, ошону менен бирге жүк агымын жогорулатуусун кайра карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылды.

"Кытай тараптан автотранспорт каражаттарынын жана чиркегичтеринин санитардык-техникалык абалын сактоо, бузулган эски унааларды ташууга жол бербөө, жүктөрдү өткөрүп жатканда унаа каражаттарынын техникалык параметрлеринин дал келишин эске алуу, Кыргыз өлкөсүндөгү кытайлык компаниялардын коопсуздугун камсыздоо талаптары коюлду. Жогоруда аталган талаптарды сактоодо Кытай тарап жүк ташуунун олуттуу өсүшүнө кепилдик берди", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушууга катышкан бизнес коомчулуктун өкүлдөрү Кытай мамлекети тарабынан коюлган талаптарды так аткарууга макул болушту.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кадыржан Семетеев Кытай менен сүйлөшүүлөр улана тургандыгынын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан