Эртең, 6-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2, күндүз +14;
Талас облусунда түнкүсүн +3, күндүз +18;
Ош облусунда түнкүсүн +5, күндүз +18;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +5, күндүз +19;
Баткен облусунда түнкүсүн +2, күндүз +16;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6, күндүз +8;
Нарын облусунда түнкүсүн +5, күндүз +11.
Бишкек шаарында жаан жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +3, күндүз +17 градус болот.