Биз социалдык тармакта

Бирде күрмө, бирде кемсел. Садыр Жапаровдун Камчыбек Ташиев коштогон өлкөнүн түштүгүнө болгон иш сапарынан сүрөттөр

Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров 2-ноябрда Баткен облусунун эли менен жолугушту.

3-ноябрда Ош облусунун эли менен жолугуп, коррупцияга каршы күрөш, президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жана башка темалар боюнча жергиликтүү элдин суроолоруна жооп берди.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун эли менен жолугуп, анда конституциялык реформа, чек ара маселелерин чечүү, өлкөнү өнүктүрүү жолдору боюнча сөз болду.

4-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Чаткал районундагы «Эти Бакыр Терексай» кениндеги абалды жеринен көрдү. Ошондой эле жергиликтүү эл менен жолугушуп, жер казынасын пайдалануу боюнча элдин суроолоруна жооп берди. Муну менен катар президенттин милдетин аткаруучу Ала-Бука районундагы «КАЗ Минералз Бозымчак» ЖЧК ишмердүүлүгү менен таанышты.

Андан соң Ала-Бука районунун Көк-Серек жана Көк-Таш айыл аймактарынын эли менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү эл көтөргөн маселелерди чечүү үчүн тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына конкреттүү тапшырмаларды берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
salimbek87.kg
2020-11-05 17:30:03
Чыныгы лидер . Буйруса келечектеги улуу инсан
+22
Asanali
2020-11-06 03:06:24
salimbek87.kg,+++++++++
+2
Chungyz
2020-11-05 17:37:27
Жакшы башкарып кетсин Жексурларга алданбай
+23
ika8086
2020-11-05 18:52:17
элдин Садыр Жапаровко караган коз караштарын карагылачы?Сындоо коз караш менен эмес умуттуу коз менен карап жатышат.Баарынын жуздору жадырайт.Баары жайдары.Ылайым бешенебизге Кыргызстан деп куйуп жургон инсаныбыз Нуркожоевич озу баш болсун,Иншаалах президентибиз болот.
+19
Asel69
2020-11-05 19:50:22
Элдин умутун акташаар бекен. Жэ бийлике келгенде кайра эле дежурный шылтоолорду айтып башташабы. Эн башкысы шайлоо таза жана калыс отуш керек. Дуйнодо пандемия кучоп жатса, булар бийлике жетуунун гана амалын ойлоп жатышат
-6
bekalife
2020-11-05 21:14:28
Asel69,а сен уйундо олтуруп эмнени кыйратып жатасын сындагандан башка
+1
al-abu-kinesz
2020-11-06 03:25:33
bekalife, ушул сайтта ушул анан дагы бир бонд деген бар, Садыр Жапаровду такыр коро албаган. Садыр Жапаровдун мине элек атын кашан деп, жей элек тамагын арам деген "эксперттер" ушулар.
+4
Mamajanovna77
2020-11-06 14:20:43
al-abu-kinesz,булар Жапаровду эле эмес.негизи эле элге жакпаган нерселерди жаза беришет.жалаң негатив жазышат.теңирчилер. атайы адамдын кыжырына тийип турушат. Негативден кайф алган немелер го
0
nazira...
2020-11-06 19:13:09
al-abu-kinesz,тумар деген дагы бироо бар. Самам деле башка болуш керек. Ото начар адам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан