Ош шаарында "Сулайман-Тоодон" өзүн-өзү таштаган кыздын аты-жөнү дагы деле такталбай жатат. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милиция учурда маркумдун аты-жөнүн тактоо иштерин жүргүзүп жатышат.
Буга чейин 20-25 чамасындагы кыз Сулайман-Тоодон боюн таштап, алган жаракаттарынын негизинде окуя болгон жерден каза болгону айтылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Маркумга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.