Биз социалдык тармакта

"Жаңжалдашууга аракет кылгандар болду". Жапыкеев жардам сурап келгендер менен жолугушуу өткөрдү

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматтын жетекчилиги жыйындар залында жарандар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Финполдон билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууга 100гө жакын адам катышкан. Алар Финансы полициясынын төрагасы Сыймык Жапыкеевге жардам сурап келишип, көйгөйлөрү менен бөлүшүп, айрым маселелер боюнча жардам берүүнү суранышкан.

"Ошондой эле насыянын мөөнөтүн жылдыруу, адам өлтүрүү фактыларынын бетин ачуу, жумушка орношууга жардам сураган жарандар болду. Жолугушуу чагымчылдарсыз болгон жок. Өздөрүн тынч алып жүрбөгөн бир топ адамдар келип, башкалардын тынчтыкты сактоону сурангандарын угушпай, улуу муундун алдында уят сөздөрдү айтышты, түзмө-түз айтканда жаңжалдашууга аракет кылышты. Бул адамдар келгендерди түртүп, чагымчыл ураандарды кыйкырып, башкаларды коркутушту", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, ЭККМКда жарандарды кабыл алуу графикке ылайык жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
al-abu-kinesz
2020-11-05 21:55:20
Айланайын калайык, коро албас ичи тар эски бийликтегилердин куралы болбогулачы, Кудай жоноткон Садыр, Камчы, Сыймыктарга колдоо корсоткондун ордуна бут тососунарбы? Бир эки жыл сабыр кылбайсынарбы? 30 жылдан бери кайда эленер? Кимдин эшигине барып ушинтип тополон кылып кызмат сурап, женилдик сурадынар эле? И так эле колдорунан келгендерин кылып атат го? Дагы эмне керек??? Ушулардын ордуна эски бийлик болгондо арабанарды тартып эле журмоксунор! Эл алып келди депэле ар нерсени сурап майдаланбагыла
+11
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан