Биз социалдык тармакта

Мамлекеттик органдарда "Манас таануу" лекцияларын окутуу пландалууда

Манас күнүн утурлай мамлекеттик органдарда "Манас таануу" лекцияларын окутуу пландалып жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, маданият министри Нуржигит Кадырбеков манасчылар менен жыйын өткөргөн. Анда "Манас" эпосуна тиешелүү бир катар көйгөйлөр айтылып, аны чечүү жолдору да талкууланган.

"Манас" эпосун сактоо жана жайылтуу, өлкөдө манас таанууну өнүктүрүү, манасчыларга өкмөт тарабынан колдоо жана камкордукка алуу максатында "Манас" күнүн утурлай мамлекеттик органдарда "Манас таануу" лекциялары окулуп, эпостун чечмелениши жана учурдагы кырдаалга ылайык, "Манас" эпосунун орду тууралуу түшүндүрүү иш-чарасын өткөрүү пландалып жатат", - деп жазылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, 4-декабрь күнү Кыргыз өлкөсүндө "Манас эпосунун күнү" майрамдалат. Бул күн Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 27-апрелиндеги №259 токтомдун негизинде Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, ошондой эле өлкө парламенттин демилгеси аркылуу кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asel69
2020-11-05 23:59:19
Эн туура окутуш керек. Манас - бул кыргыз элинин руханий байлыгы. Элибизди Манас Атабыздын касиети колдосун. Манас - бул кыргыз эли учун ото ыйык зат.
-1
Tyty1990
2020-11-09 05:34:21
Asel69,сен көк мээге кантип түшүндүрүштү билбейм. Аман эле болчу
0
Baatirbek81
2020-11-06 14:02:24
Зарылбек Рысалиев беле ошону чогу чакырып бир сыйра сабак өтүп койгулачы!
Сокени манаска теңеп аталап жаты беле!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан