"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында кыргыз тилиндеги тарыхый сөздөрүнүн маанисин эл аралык Кувейт университетинин лингвистика жана социалдык гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти Гүлнур Жамалбекова түшүндүрүп берди.
1.Капыялоо - какшыктоо, кээр сөз айтуу, жекирүү. Мисалы: Шарапат капыялап башкаларды тикендей тыз эттире сөз келтирет. (К.Жантөшев)
2. Дүгдүйүү - кабак бүркөп, дүңкүйүп кыр көрсөтүү. Мисалы: Барман сыртынан шек алдырбай дүгдүйүп койду. (Т.Сыдыкбеков)
3. Абыгый - эпостук чыгармаларда "абаке", "аке" деген мааниде колдонулат. Мисалы: Куп тыңда менин сөзүмдү, абыгый көрдүм көзүңдү. ("Манас").