Биз социалдык тармакта

Дээрлик 356 миллион сомго жакын. Саламаттыкты сактоо министрлиги фармацевтикалык компанияларга болгон карызын жыл аягына чейин төлөй турганын билдирди

Саламаттыкты сактоо министрлиги пандемия учурунда жергиликтүү фармацевтикалык компанияларга карыз болуп калганы маалымдалган. Министрликтен фармкомпанияларга болгон карыз жыл аягына чейин жабыларын кабарлашты.

"Саламаттыкты сактоо министрлигинин финансы саясаты башкармалыгынын башчысы Муктарбек Баймурзаев жыл соңуна чейин карыздарды жабуу чечими министрликтин, өкмөттүн алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана Финансы министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн жыйында кабыл алынган”, - дешти мекеменин маалымат кызматынан.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 1-ноябрга карата берген маалыматына ылайык, фармацевтикалык уюмдарга 355 миллион 896 миң сом төлөнүшү керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан