Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргыз өлкөсүнүн саламаттыкты сактоо министрлигине микроскопторду берди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
"2019-жылы саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти мите-курт ооруларынын лабораториялык диагностикасын өркүндөтүү максатында заманбап микроскоптор менен жабдууга колдоо көрсөтүү үчүн дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна арыз берген. Ушул жылдын ноябрь айында ДССУдан 9 микроскоп топтому кабыл алынды", - деп жазылган билдирүүдө.
Учурда алынган микроскоптор республиканын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын паразитологиялык лабораторияларына таратылууда.