Социалдык тармактарда "Алмазбек Атамбаев абактагы сейилдөөдө" деген сүрөт тарады. Аталган сүрөттө Атамбаевга окшогон жана башка дагы 3 киши сүйлөшүп турганын көрүүгө болот.
Сүрөттө чын эле Атамбаевби, азырынча так маалымат жок.
Айта кетсек азыркы тапта Атамбаев кармалган №47 түзөтүү абагына, кечээ мыйзамдагы ууру, кримтөбөл Камчы Көлбаев дагы которулган.