Ноябрь айында мамлекеттик кызматта иштеген кызматкерлер 4 күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет. Бул жылы 7-8-ноябрь ишемби жана жекшемби күнгө туш болгондуктан, бул күндөрдөгү эс алуу дүйшөмбү (9-ноябрь) жана шейшемби күндөргө (10-ноябрь) жылат. Тагыраагы 4 күн катары менен эс алышат.
Ал эми 5 иш күндөгүлөр 7-8-9-10-ноябрда эс алышса, 6 күн иш күнү барлар 7-9-ноябрда эс алат.