Биз социалдык тармакта

Коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү жана аны жоюу боюнча ыкчам штаб жөнүндө буйрукка өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү жана аны жоюу боюнча ыкчам штаб жөнүндө буйрукка өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматынан билдирди.
Өзгөртүүлөргө ылайык, социалдык блок боюнча вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү жана аны жоюу боюнча ыкчам штабдын төрагасы болуп саналат. Анда ыкчам штабдын төрагасынын орун басары болуп, саламаттыкты сактоо министри болот.
Буйрукка 2-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан