Биз социалдык тармакта

Араванда түнкүсүн жана күндүз ар кандай жумуштарда иштеп жүргөн өспүрүмдөргө карата рейд жүрдү

Ош облусунун Араван районунун аймагында өспүрүмдөргө карата иш-чара жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Араван районунун аймагында 6-ноябрь күнү өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында иш-чара өткөрүлдү. Анда билим берүү мекемелердин социалдык кызматкерлери, райондогу балдарды коргоо мекемесинин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, кароосуз калган, ата-энелери эмгек миграцияда жүргөн жашы жете элек балдарды аныктап, алар менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө унаа оӊдоочу, эмерек жасоочу жана коомдук тамактануучу жайларда иштеген 10 жашы жете электер аныкталып, алардын ата-энелери чакыртылып түшүндүрүү иштери жүрдү.

Жогоруда аталган иш-чаранын жүрүшүндө түнкү рейд уюштурулуп, рейд учурунда түнкү убакытта кароосуз көчөдө жүргөн 12 өспүрүм аныкталган. Алардын ата-энелери чакыртылып, балдарды түн ичинде жалгыз көчөгө чыгаруу кооптуу экендигин түшүндүрүп, өткөрүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bayern-munchen
2020-11-07 21:51:07
бул балдар деле гор тируулуктун айынан журсо керек баары жетиштуу болсо кочого самтырап чыгып эмне тольк
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан