Биз социалдык тармакта

Алдыда бир аптага карата аба ырайы. Кар жаап, күн табынан кайтат

Кыргызгидромет келе жаткан аптанын аба ырайын айтты. Анда борбор калаада дүйшөмбүдө күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Ал эми шейшемби, шаршемби күндөрү күн ачык болот. Бирок бейшембиде жамгыр жаап, карга айланышы мүмкүн.

Чүй жана Талас облустарында 7-ноябрда жана 8-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 9-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. 10-11-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-ноябрда күндүз жана 9-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында 7-8-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 9-ноябрда жаан жаашы күтүлөт. 10-11-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-ноябрда түнкүсүн 14 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 7-ноябрда жана 8-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 8-ноябрда күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 9-ноябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

10-ноябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. 10-ноябрда күндүз жана 11-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-ноябрда күндүз жана 9-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда 7-8-ноябрда жана 9-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 9-ноябрда күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. 10-11-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда 7-8-ноябрда жана 9-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 9-ноябрда күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. 10-11 ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jaz99
2020-11-08 13:22:59
Алла билет
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан