Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров эртең, 9-ноябрда Нарын облусуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Жумушчу сапардын алкагында облустагы социалдык объектилерди, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын көрөт, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн курулган турак жай комплексинин ачылыш салтанатына катышат.
Муну менен катар Нарын облусунун эли менен жолугушат.