Биз социалдык тармакта

Өмүрбек Текебаев Сыймык Жапыкеевдин айтылуу ашканасына конокко барды

Жакында эле депутаттык мандатын кайтарып алган саясатчы Өмүрбек Текебаев Финполдун төрагасы Сыймык Жапыкеевдин айтылуу ашканасына конокко барды. Видео интернетке тарап, учурда кызуу талкууга алынууда.

"Мен бүгүн өзгөчө жерде турам. Мени Сыймык Жапыкеев атактуу ашканасына конокко чакырды. Бул жер мен айткандай тарыхый жер. Октябрь революциясынын штабдарынын бири. Бул жерде Сыймык жалындуу сөздөрү менен элди көтөрүп, жеке бийлик орнотууга каршы элди топтой алды. Ошондо ушул ашканадан башталган иш тарыхый мааниге ээ болот десе эч ким ишенбейт эле. Пропагандисттер Сыймык элиталык батирде жашап жатат дечү эле. Мен бүгүн келип көрүп отурам, кадимки эле эконом класстагы батир экен.

Мен буга чейин Сыймык пландары менен бөлүшкөндө анчейин ишенген эмесмин. Жаздан баштап адамдар колдоп, анын идеясын жактырып башташты", - деп сүйлөгөн Текебаев.

Ортодон сөзгө аралжы болгон Жапыкеев видеодогу үйдү штаб катары пайдаланарын, ал эми үй-бүлөсү менен башка батирде жашарын айткан.

Өмүрбек Текебаев Сыймык Жапыкеевдин айтылуу ашканасына конокко барды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Asel69
2020-11-08 22:55:00
Эн башкысы Сыймык нормальный иштесе болду. Озу айткандай байларды сийдирип, Кытайдын карышын кутулам деди эле. Болбосо кызматка келгенден кийин кайра эле олигархтарга жаман корунуп калбайын деп алардын созун суйлоп калчудай болуп турат.
+18
AdylbekB84
2020-11-08 23:16:35
Эркек бир сүйлөйт, кытайдын карызын төлөткүлө! Кубанычбек Жумалиев эч нерсе таппады булар менден, Жапыкеевти сотко берем деп жататко, ушул боюунча элге кеңири маалымат бергиле! Жаңы -жылга чейин результат чыгаргыла 3 ай бергиле дегенсиңер!
+17
Asel69
2020-11-08 23:38:46
Негизи революция бизде эч качан элдин умутун актаган эмес. Азыркылар тегерегине фанаттарды чогултуш учун укмуштуудай кооз, бирок ишке ашпаган курулай убадаларды берип кызматка келип алмай модага айланды. Азыркы келгендер дал ушундай схема м-н иштеп жатышат. Бизде мамлекетти озгорто ала турган адам жок. Баарыныкы курулай соз. Ар кимиси озунун гана жеке турмушун ойлойт. Турмодон чыкканы деле кооз создор менен кызматта жеп ичип отурушат.
+7
Shabi
2020-11-09 00:40:31
Asel69,кошулам,туура айтасын.Бизде чындап элим жерим деген чыныгы лидер жок.Бут эле кооз суйлойт,бирок кылган иши оз карабашын гана ойлойт.
+5
zevs
2020-11-09 01:16:33
Пахта койгону бардынбы ал жерге
+13
Pankration_MMA
2020-11-09 02:15:25
Текени дагы деле колдоп жүрөсүңөрго, муну жоготуш керек мусор атамекени менен кошуп...
+13
rysik79
2020-11-09 11:54:24
Жапыкеш текеге жем бербей деле койсо болмок.
+6
Nurislam-Nuraiym
2020-11-09 13:29:29
Ии баягы эле Текебаев
+2
Salixa.
2020-11-09 16:02:44
Келгенде баары укмуш келишет....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан