Бүгүн, 9-ноябрда Ак Үйдүн темир тосмосу алынгандан баштап жарандар айланасында сейилдеп, сүрөткө түшүп ээн эркин жүргөнүн көрүүгө болот.
Ак Үйдүн темир тосмосун алуу ишин 6-ноябрда "Тазалык" ишканасынын жумушчулары башташкан. Бул иш шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин катышуусу жана анын уруксаты менен башталган. Темир тосмону алуу иши бүгүн да уланууда.
Ошондой эле Чүй проспектиси менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги апрель окуясында курман болгондордун ысымдары жазылган тосмо калат.