Бүгүн, 9-ноябрда Ак Үйдөгү Апрель окуясында курман болгондордун ысымдары жазылган тосмонун астында бир нече аялдар ачкачылык жарыялашты.
Алар "Айымдар кыймылы жана энелер үнү" деген аталышта энелердин атынан бир нече талаптары менен нааразычылык акциясына чыгышкан. Алар негизинен парламенттик шайлоонун, соттордун ачык өтүшүн жана саясий туткундардын үй камагына чыгарылышын талап кылып чыгышкан.
"Биз Аскар Акаевге каршы чыккан митингде эл менен болгонбуз. Андан кийин 2010-жылы 7-апрелдеги окуяда дагы катышканбыз. Бул жолкусунда дагы жаштарды колдоп чыкканбыз. Мыйзамсыз бийликтин айынан эл кыйналып митингге чыгып жатат, анын кесепетинен канчалаган жаштардын өмүрү кыйылды. Мунун баарына бийликте отургандар күнөөлүү. Эл ушинтип эле ары-бери кубалашып, курман болуп эле жүрө береби? Бийликтегилер мыйзамдын негизинде иштесин деп чыктык. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун өтүшүн талап кылабыз", - ачкачылык жарыяладым деген аял.