Жогорку Кеңеш жана президенттик аппарат жайгашкан Ак Үйдүн тосмолору алынгандан кийин жарандар бул жайга эч кимдин каршылыгы жок эле келишип, айланасында сүрөткө түшүп, сейилдеп да жүрүшөт. Алардын айрымдары тосмонун алынышын өөн учураган көрүнүш катары карашса, айрымдары тосмонун алынганына кубанганын айтышты.
Ак Үйдүн тосмосу 2000-жылдын башында орнотулуп, ушул жылдын 6-ноябрында көпчүлүктүн сунушунун негизинде алынган.