Бишкек шаарындагы "Асанбай" сейил багында жерде жаткан милиция кызматкеринин сүрөтү социалдык тармактарга тарады.
Сүрөт бүгүн, 9-ноябрь күнү эртең менен тартылганы белгилүү болду. Азыркы учурда милиция кызматкери кандай себеп менен ал жерде жатып калганы белгисиз.
Бул боюнча Бишкек ШИИББине байланышканыбызда, окуя тууралуу териштирүү иштери башталганын билдиришти.